Билдирүүнү кароо

.
admin
Кошулду: 20.06.2020 / 20:59
Айжамал Касымбекова

Ош шаарында төрөлгөн. Ош шаарынын тургуну.
Мекендешибиз Айжамал Касымбекованын ырлары, окурмандар үчүн сайтка жарыяланып турат.

Чыгармалары:
Менин бактым

Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү

Кошулду: 20.06.2020 / 21:01
Менин бактым

Жабыркап жалгыздыктан жашым акты
Жаз айы бул жашоомдун сырын ачты
Жарыша шамал менен бара жатсам
Жылмайган элесиңе көзүм чалды

Бир көрүп жүзүңдү калганда мен
Жүрөккө бир чооң чокту салган белең
Жалындап ысык чокко туталанып
Күн өтүп дале сени сүйүп келем

Ошол күнү жүрөгүм сени тапты
Ойлосом бүт оюмду элеп алды
Канчалык сенден качып жатсам дагы
Жаш бийкеч бир сени деп жашап калды

Кандай күч бир өзүнө байлап алган
Кайсы бир кылыгына мен арбалам
Темир тор капасына кирип алып
Кубанып карегиңе мен кадалам

Убакыт токтобостон жылып жатты
Үмүтүм махабаттын күүсүн чалды
Уктабай күнү түнү ойлоп жатып
Урдана танышуунун жолун тапты

Күн өтүп саат жебеси жылып жатып
Биригип махабаттын даамын татып
Айталбайм айталбадым бал шириним
Сен үчүн, бир сен үчүн менин бактым!

Автору: Айжамал Касымбекова, Ош шаары
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү