Билдирүүнү кароо

.
admin
Кошулду: 20.06.2020 / 21:39
Ахмедова Бермет Абдумажитовна

1991-жылы 20-ноябрда Кадамжай районуна караштуу Чаувай айылында туулган.
РФнын Москва шаарында мигрант катары эмгектенет.

Мекендешибиз Ахмедова Берметнын ырлары, окурмандар үчүн сайтка жарыяланып турат.
Чыгармалары:
Кызым Аминага

Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү

Кошулду: 20.06.2020 / 21:40
Кызым Аминага

Раазымын. Аллахыма мин шугурлор
Кунуно сендей пери насип эткен
Раазымын… Эки эле кун болсо дагы
Жашооно шашып келип,шашып кеткен

Не шаштын? Аруум ай,пакизам ай
Жашообуз башаламан жакпадыбы?
Журогун кипкичине,тыпылдаган
Издеген тазалыгын таппадыбы?
Кара озгой,ушакчы бар кир дуйного
Периштем,аруу жанын батпадыбы..?

Балапан,назигим ай,кичинем ай
Раазымын,сени кутуп жургонумо
Которуп,жаным ооруп,толгоо тартып…
Ыйласан,умут байлап кулгонумо…

Раазымын… Жалгыз ирет жытын искеп
Тилеген тилегиме,умутумо
Акыры бу жалгандан таппай… Оксоп,
Сыздаган коз жашыма,куйутумо…

Раазымын. Сен да мага раазы болгун?
Оозантып,ууз сутун эмизбедим…
Ырыскын ийип келсе кокурок тээп
Таппасым биле туруп сени издедим…

Боздосом,тынч уктатпай бейишинде
Кечир ээ? Копологум,айыпсызым…
Жараткан жаннатынан орун берсин
АМИНА… Жакыным да алыс кызым…

Автору: Ахмедова Бермет, Кадамжай району, Чаувай айылы
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү