Адилет Барктабасов

Окуу үчүн гана
72
.
admin
Кошулду: 20.06.2020 / 20:42
Барктабасов Адилет Үрүстөмбекович

11-июнь 1989-жылы Ыссык-Көл областынанын Чолпон Ата районуна караштуу Өрнөк айылында төрөлгөн.
Бишкек шаарында жашайт.

Чыгармалары:
1. «Ким экен?»
2. Мен үчүн көңүл кымбат

Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү

Кошулду: 20.06.2020 / 20:43
«Ким экен?»

Маңдайыма жазган жарым ким болот,
Суроо берем жооп табалбай тим болот.
Жүрөк каным кагып улам токтобой,
Сезимдерим ойго батып, толгонот…

Кайдан болот, ата теги ким экен,
Асмандагы жанган айбы күн бекен?
Таалайыма белек кылган тагдырым,
Айтчы жаным, жароокерим ким экен?

Телегейи тегиз бекен, тең бекен,
Ыйманына ызат кылган кыз бекен?
Мени барктап түбөлүккө баалаган.
Келечекте сүйүп алчу кыз бекен?

Акылыма акыл кошчу жар бекен,
Көлөкөмдөй кошо жүрчү жан бекен.
Кайда жүрсөм ой санаамды ээлеген,
Жүрөгүмдүн сүйүктүүсү ким экен?

Ырыс кешиктүү, түшүнүктүү жар бекен,
Жүрөгүндө мээрим нуру бар бекен.
Мандайымда мени тиктеп олтурчуу,
Карагаттай көзү күйгөн ким экен?

Ханышам деп эркелетсем мен аны,
Мени дагы ханы кылып теңейби.
Бир сындырым токоч калса колунда,
Мени күтүп жалгыз өзү жебейби?

Урматтаган дили менен жароокер,
Ата-энемдин сүйүктүүсү болобу.
Бакыт болуп үй бүлөмө кошулуп,
Түбөлүккө очогума көнөбү?

Автору: Адилет Барктабасов, Ыссык-Көл областы, Өрнөк айылы
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү

Кошулду: 20.06.2020 / 20:44
Мен үчүн көңүл кымбат

Мен үчүн акча деле кымбат эмес,
Бир тал ширеңке менен күйүп кетет.
Мен үчүн үйүм деле кымбат эмес,
Жер силкинсе жер менен кирип кетет.

Мен үчүн кызым деле кымбат эмес
Таныбаган бирөөнү эрчип кетет.
Мен үчүн уулум деле кымбат эмес,
Аял алса, аялынын көзүн карап кетет.

Мен үчүн өмүр деле кымбат эмес,
Ажал жетсе асылып алып кетет.
Мен үчүн кызмат деле кымбат эмес,
Жашың жетсе жашырагы алып кетет.

Мен үчүн байлык деле кымбат эмес,
Көзүң өтсө артыңда калып кетет.
Мен үчүн көңүл кымбат баарынан,
Кичинекей жаман сөздөн жабыркап үшүп кетет.

Автору: Адилет Барктабасов, Ыссык-Көл областы, Өрнөк айылы
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Баары: 1
Автору боюнча иреттөө
Теманы жүктөп алуу